7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Монголиянын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

303

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

“Сапардын алкагында визиттин статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

Эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.
Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өткөрүү пландалган”, — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

304