7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Мыйзамды сүйгөн Жеңишбек, мэрлерге үлгү болду да”. Ошто 22 жаш актёр батирлүү болду

322

Москвадагы Михаил Щепкин атындагы театралдык институтту бүтүрүп, Ош улуттук драма театрына келген 22 жаш актерго бөлүнгөн батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы маалымдады.

Калаадагы 96 батирлүү көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Ал турак жайдан жаш актерлордон тышкары, үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө жана үйү шаардагы курулуш иштери үчүн алынгандарга да тапшырылды.

Салтанатта актерлор «50 жыл мурда болгон окуя» аталышындагы театрлаштырылган сценканы тартуулады. Эл артисттери Назира Мамбетова менен Жамила Сыдыкбаева театралдык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө батир берүү 50 жылдан кийин кайталанып жатканын айтып, мэрге ыраазылык билдирди.

Эске салсак, мэр Жеңишбек Токторбаев май айында актерлор менен жолугуп, ипотекалык негизде батир берүүнү убадалаган.

323