Түркия Маариф Фонду “Сапат” мектептерине 300 миллион сомдон ашуун каражат жумшады жана кошумча 2,5 миллиард сом инвестициялоону пландаштырууда.
Түркия Маариф Фонду буга чейин “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесине таандык болгон бир катар билим берүү жайларынын жаңы негиздөөчүсү катары ишке киришкенден кийин, алардын ишмердүүлүгүн турукташтыруу максатында шашылыш чараларды көрдү.
Мектептер өткөрүлүп жаткан учурда өзгөчө каржылык муктаждыкты талап кылган абалда болгондуктан, тез арада материалдык колдоо көрсөтүү зарылчылыгы жаралган.
Кыска убакыттын ичинде мектептердин үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн 300 миллион сомдон ашуун каражат тартылды. Бул акча каражат мугалимдердин айлык акыларын төлөөгө, окуучулардын тамак-ашына, коммуналдык жана ижаралык чыгымдарга, окуу куралдарына, мектеп формасына жана зарыл жабдууларга багытталды.
“Биз билим берүү процесси үзгүлтүккө учурап калуу коркунучу жаралган учурда жоопкерчиликти толугу менен өз колубузга алдык. Биринчи кадамыбыз — мектептердеги туруктуулукту жана ишенимди калыбына келтирүү болду,” — деди Түркия «Маариф» фондунун өкүлү.
“Маариф” фонду мектептерди модернизациялоонун жаңы этабын жарыялайт. 2025-2026-окуу жылында төмөнкү багыттарга кошумча 2,5 миллиард сом инвестициялоо планы бекитилип, жүзөгө ашырыла башталды, анын ичинде:
- Cambridge программасына ылайык аккредитацияланган лицензиялуу окуу китептерин сатып алуу үчүн – 175 миллион сом;
- Мектептерди материалдык-техникалык базасыны жакшыртуу: эмерек, парта, интерактивдүү такта, лаборатория, ашкана, жатаканалар үчүн – 613 миллион сом;
- Окуу имараттарын, спорт залдарды, жатаканаларды жана башка объекттерди капиталдык оңдоо үчүн – 1,7 миллиард сом.
Окуу процессинин сапатын жогорулатуу максатында фонд кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурууда. Мектептерге Cambridge жана башка эл аралык аккредитациясы бар адистештирилген мугалимдер тартылып жатат. Ошондой эле STEM (илим, технология, инженерия, математика) жаатындагы адистерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
“Маариф” фонду коммерциялык пайда көрүүнү көздөбөйт. Бул инвестициялар кайтарымсыз негизде жүргүзүлүүдө жана фонд бул иштерден каржылык киреше таппайт. Окуу акысы көтөрүлбөстөн, окуу үзгүлтүксүз уланат. Бул билим алуунун бардык катмар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
“Маариф” фонду билим берүүдө мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигин негизги принцип катары карманат. Анын карамагындагы мектептерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жеңилдиктер жана билим берүүгө көмөктөшүүчү программалар ишке ашырылууда. Бул аркылуу үй-бүлөсүнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан, билими жана жөндөмү менен айырмаланган ар бир окуучу сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
“Маариф” фонду мамлекеттик жана эл аралык билим берүү программаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Фонд иш алып барган ар бир өлкөдө ошол мамлекет тарабынан бекитилген окуу программасы негиз катары колдонулат. Зарыл болгон учурда IB, Cambridge жана Монтессори сыяктуу эл аралык программалар да окутуу процессине интеграцияланат. Кыргызстанда бул эки система биргеликте колдонулуп, окуучуларга ар тараптуу билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.
Мурун “Сапат” мектептеринин бүтүрүүчүлөрү Түркияда жогорку билим алууну улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албай келишкен болсо, азыр бул тоскоолдук жоюлуп 2025-жылы 100дөн ашуун окуучу Түркиянын университеттерине тапшырышты.
Айрым бүтүрүүчүлөр Түркиянын мамлекеттик жогорку окуу жайларына документ тапшырып, маектешүү этаптарынан өтүштү. Эгерде алар кабыл алынса, Түркиядагы мамлекеттик университеттерде акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул — жаштар үчүн чоң жетишкендик жана алардын келечеги үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болуп саналат.
«Маариф» фонду ачык иш алып барууну жана коомчулук менен тыгыз кызматташууну камсыз кылат. Ар бир мектеп боюнча аткарылган иштер, жаңылыктар жана инвестициялык пландар коомчулукка ачык жарыяланып турат. Бул — ишенимди бекемдөөгө жана коом менен тыгыз байланышта болууга багытталган кадам.
ММК жана өнөктөштөр үчүн байланыш маалыматтары:
E-mail: media@kg.maarifschools.org
Телефон: +996 500 995 954