7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматкерлери кармалды

38

Кара-Балта шаардык мэриясынын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кара-Балта шаарын өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн 1 млрд сомду өздөштүрүүнүн алкагында товар жеткирүү жана кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүүгө шектелип шаардык мэриянын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу, асфальт-бетон төшөө жана «Кербен» базарын куруу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн тендерде Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы директору кызмат абалынан пайдаланып тендердин жыйынтыгын «О К» жана «Р С» ЖЧКларынын пайдасына чечкендеги үчүн сый акыларды алган.

Маалыматка ылайык бул иштерди Кара-Балта шаарынын мэринин көрсөтмөсү менен жасаган. Ошондой эле тендерлерди ыйгаруу үчүн алынган акча каражаттары өз ара бөлүштүрүлүп жүргөндүгү – мэриянын «Капиталдык курулуш башкармалыгынын» адисинин жана башкы эсепчисинин көрсөтмөлөрү менен тастыкталды. Аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык, келтирилген зыяндын көлөмү 26 миллион сомдон ашкандыгы аныкталды.

Аталган окуяга тиешеси бар жарандар кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Тергөө уланууда.

39