Монголияда жашаган кыргыздар үчүн мектеп курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан менен аталган өлкөнүн ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткан учурда айтылганын билдирди.
Анда Байсалов бул мамлекеттик сапардын маанилүүлүгүн белгилеп жатып, “эки элдин ортосунда миңдеген жылдардан бери тамырлашып келе жаткан бир туугандык мамиле бар. Учурда Монголияда 15-20 миңдей кыргыз жашайт экен. Аларга көңүл бурулбай казак деп жазылып, казак мектептеринде билим алышат экен. Ошентсе да, тилдерин сактап, өздүгүн унутпай, өзүлөрүн ар дайым кыргызбыз деп аташат экен.
Мындан улам эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында ошол азчылык үчүн монгол президенти макулдугун берип, биздин президент демилге көтөрүп мектеп курулмай болду”-деди төраганын орун басары Байсалов.