7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таш-Көмүрдө динозаврдын сөөктөрү табылды

303

Таш-Көмүрдүн Ууру-Сай аймагыда теропод динозаврынын калдыктары табылды. Бул туурасында КР Илимдер академиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тероподдор динозаврлардын чоң топторуна кирет. Бул Борбор Азиядагы эң маанилүү ачылыштардын бири. Себеби,  буга чейин аталган аймакта юралык ири динозаврдын калдыктары табылган эмес. Окумуштуулар ага Alpkarakush kyrgyzicus деп «Манас» эпосунда кездешүүчү мифтик канаттуунун атын беришти.

Динозавр мурда билинбеген жаңы түргө кирери жана 165 миллион жыл мурун жашаганы божомолдонууда. Кабагында чыгып турган “кашы”-баш сөөгүндө мүйүзү болгонун аныктап турат. Уникалдуу өзгөчөлүктөрү арка омурткаларында жана кашка жилик сөөктөрүндө да кездешет. Бардык сөөктөрдүн санариптик фотогамметриялык 3D-моделдери түзүлдү.

Окумуштуулар аталган долбоорго демөөрчүлөр табылса рептилиянын реконструкциясын, оригиналдуу сөөктөрүн Бишкектеги Улуттук тарых музейинде көрсөтүүгө кызыкдар.

Эскерте кетсек изилдөө Улуттук илимдер академиясынын M.M.Адышев атындагы Геология институту, Бавария табигый тарых музейи жана Фриденштейн фонду тарабынан жүргүзүлүп, Германия изилдөө фонду (DFG) тарабынан каржыланды.

304