Ноокат шаарына жаңы заманбап эвакуатор-манипулятор техникасы расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин өкүлү Элчибек Жантаев катышып, техниканын ачкычын шаар жетекчилигине тапшырды.
Эвакуатор-манипулятор техниканын жалпы баасы 4 млн 485 миң сомду түзүп, ал Ош облустук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен каржыланды.