7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талапка жооп бербеген 14 тонна ун чек арадан артка кайтарылды

277

Казакстандан Кыргызстанга талапка жооп бербеген 14 тонна унду киргизүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Күн мурун кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чоң Капка» өткөрүү пунктуна жакын «Жыйынды постунда» жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 14 тонна ун карантиндик фитосанитардык талаптарга жооп бербей турганы аныкталды.

Тактап айтканда, фитосанитардык сертификаттагы маалыматтар менен жүктүн транспорттук документтериндеги маалыматтардын дал келбегендиги белгилүү болгон.

Натыйжада мыйзам бузууларга байланыштуу жүк кайра жөнөтүүчү тарапка кайтарылды.

278