7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жана Монголиянын Президенти «Мейкин Азия» фестивалынын концерттик программасын көрүштү

245

Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 22-июлда, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалынын концерттик программасын көрүштү.

“Мейкин Азия» популярдуу музыка аткаруучуларынын эл аралык фестивалы — бул жаш таланттарды колдоо жана өнүктүрүү максатында уюштурулган эл аралык музыкалык фестиваль. Ал Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Белгилүү болгондой, фестиваль Кыргызстанда гана өткөрүлөт.
Фестивалдын соңунда Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов казакстандык ырчы, композитор Кудайберген Динмухаммедге (Димаш Кудайбергенге) Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достукту жана маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» деген ардак наамын тапшырды.
Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгон.

Өз кезегинде КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалынын жеңүүчүсү румыниялык катышуучу Мария-Диана Стынчуляшага гран-при тапшырды.

246