7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

26

Караколдо жалпы аянты 35 сотых бала бакчанын имаратын жана анын аймагын менчиктештирүү учурунда сметалык баасы 30 млн 872 миң сомду түзгөн мыйзам бузуулар аныкталды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

1999-жылы Каракол шаарынын муниципалитетинин балансында турган бала бакча мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткен.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын имараты жана анын аймагы ыктыярдуу түрдө Каракол шаарынын муниципалитетинин балансына өткөрүлдү.

27