7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы курулуш иштери менен таанышып чыкты

286

Бүгүн, 23-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда администрациянын жаңы имаратынын курулушунан кабар алды. Анда курулушту сапаттуу жана тез бүткөрүү, жаңы имараттын айланасын иретке келтирүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берилди.

Жалал-Абадда жаңы филармонияга эки гектардан ашык жер бөлүнүп, курулушту баштоого даярдыктар жүрүүдө. Ага утурлай УКМК төрагасы  филармониянын жанына жаңы музей салууга жер бөлүп берүү тапшырмасын койду.

Алдыда Жалал-Абад шаарынын ичиндеги бардык базарлар, автоунаа оңдоочу жана тейлөөчү жайлар шаар сыртына чыгарылат. Ал эми Тумөнбай Байзаков проспектиси кеңейтилип, шаар ичи толугу менен иретке келтирилет.

Камчыбек Ташиев “Жеңиш” паркындагы курулуш иштеринен кабар алды. Сейил бакты эл эс ала тургандай жайлуу, коопсуз кылып салууну жана сапатына көңүл бурууну эскертти. Аны менен катар парктагы согуш окуяларынын жана тарыхый инсандардын эстелиги үчүн өзүнчө жай уюштурууну тапшырды.

287