7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы: Турак жайды сатууда мыйзам бузууларды байкасаңыз кабарлаңыз

297

Акыркы убактарда курулуш компаниялар мыйзам бузуулар менен жеке жактарга батирлерди саткан учурлар көбөйүүдө. Мындай маалыматты КР Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Тактап айтканда:

-сатып алуучуларга турак жайга менчик укугун тастыктаган укук белгилөөчү документтер берилбейт (сатып алуу-сатуу келишими, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы, менчик укугу жөнүндө күбөлүк ж. б.);

– турак жайлар иш жүзүндө жашоого берилген, бирок расмий колдонууга берилген эмес;

– батир сатуу боюнча келишимдер мыйзамда каралган тартипте катталбайт, бул жарандар үчүн тобокелдиктерди жана куруучулардын ишмердүүлүгүнө салык төлөөдө тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Бул фактылар атайылап салык төлөөдөн качуу механизми экени айтылды.

Салык кызматы эскертет: Эгерде сиз батирде үч айдан ашык жашап жатсаңыз, бирок үй расмий колдонууга берилбесе жана турак-жайга менчик укугун тастыктаган документтерди ала элек болсоңуз, анда бул тууралуу Салык кызматына кабарлаңыз.

Бул үчүн WhatsApp мессенджери аркылуу төмөнкү номерге жазыңыз: +996 503 49-12-33.

298