7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Кайрат Маматов: Алты участкадагы добуш берүүлөр жокко чыгарылды

689

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге жана референдумга көчмө добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болгону үчүн алты шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бузуулар болгону жөнүндө даттануулар кагаз түрүндө түшүп, фото-видеолор да жиберилди. Анын ичинде үй башчы жана квартал жетекчилеринин шайлоо комиссиясынын ишине кийлигишкени тууралуу фактылар бар.

Көчмө добуш берүүдө 4 миң шайлоочу катышты. Анын ичинен 236 добуш жокко чыгарылды. Учурда дагы 5 шайлоо тилкесиндеги мыйзам бузуулар тууралуу даттануулар текшерилип жатат.

Өлкөдө көчмө добуш берүү шайлоого бир күн калганда, саат 8:00ден 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

10-апрелде 17 миң 99 шайлоочу тилкеден тышкары добуш бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум башталды.

Өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү башталды.

Шайлоочулардын саны 3 млн 606 миң 201 адамды түзөт. Анын ичинде 1 млн 725 миң 849у – эркек, 1 млн 880 миң 352и – аялдар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690