7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто милиция кызматкерине пара сунуштаган киши кармалды

265

Ошто милиция кызматкерине 1,1 млн сом пара сунуштаган киши кармалды. Ал ири алдамчылыкка шектелип кармалган жаран экенин ИИМ билдирди.

Тартип сакчылардын айтымында, шектүү чет элдик жаранга кой сатам деп алдап, Ошко чакырып, анын 12 миң долларын алгандан кийин изин суутуп кеткен. Шектүү ушундай эле жол менен башка адамдарды дагы 4 миңден 15 миң долларга чейин алдап кеткени айтылды.

Аны милицияга алып келишкенде ал иш козгобоо үчүн 30 миң доллар сунуштап, анын 1,1 млн сомун берип жаткан жеринен кармалды.

266