7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти менен телефондон сүйлөштү

272

Бүгүн, 24-июлда, Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президентин туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана боордош өзбек элинин өнүгүүсү менен гүлдөп өсүшү үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, коңшулаштык, өз ара түшүнүшүү жана колдоо принциптерине негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө өз ара даярдыктарын билдиришти.

273