7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Белгилүү балбандардын бири Халк Хоган дүйнө салды

259

Дүйнөгө белгилүү балбан, актёр жана шоумен Халк Хоган 72 жаш курагында АКШда дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.

Маалыматка караганда, ал Флорида штатындагы үйүнөн тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилип, бирок жүрөгү токтоп калган. Жакынкы айларда Хогандын саламаттыгында бир катар олуттуу көйгөйлөр болгондугу айтылып, бир нече жолу операция жасалган.

Халк Хоган (чыныгы аты — Теренс Южин Боллеа) дүйнөлүк күрөш тарыхындагы эң таасирдүү жана атактуу фигуралардын бири болуп саналат. Ал «америкалык патриоттун» образын жаратып, 1980-90-жылдары балбандык аренанын жүзүнө айланган.

Атактуулугунун аркасында Хоган кино тармагында да ийгиликтерге жетишкен. Ал 1982-жылы «Рокки III» тасмасы аркылуу чоң экранга чыгып, бир катар кинолордо роль жараткан.

Халк Хогандын дүйнө салганы дүйнө жүзүндөгү күйөрмандары үчүн чоң жоготуу болду.

260