7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жетекчилик Жалал-Абад жана Оштогу аэропорттордун иштерин текшерди

42

«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапар менен барып, компаниянын аймактык бөлүмдөрүндө текшерүү иштерин жүргүздү.

Сапардын алкагында Ош эл аралык аэропортунун иши текшерилди. Манасбек Самидинов филиалдын учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, авиациялык коопсуздукту жана тейлөөнү камсыз кылуучу жаңыланган атайын техниканы көрүп чыкты. Ошондой эле кызматкерлердин социалдык камсыздалышы боюнча маселелер, атап айтканда, аэропорт кызматкерлери үчүн ипотекалык турак жай куруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жаңы курулуп жаткан аэровокзал комплексине айрыкча көңүл бурулду. Долбоор бекитилген графикке жана стандарттарга ылайык ишке ашырылууда. Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарындагы жаңы аэропорттун курулуш аянтчасына барды. Компаниянын жетекчилигине долбоордун ишке ашуу этаптары, аткарылган иштер жана учурдагы милдеттер көрсөтүлдү. Курулуштун мөөнөттөрүн сактоо жана жогорку сапатты камсыз кылуу керектиги баса белгиленди.

43