Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында Жаңы-Жер орто мектебинин курулушу жүрүүдө.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, курулушка республикалык бюджеттин эсебинен 164 млн 703 миң сом каржыланган.
Учурда курулуш иштери 55% аяктаган. 2025-жылдын декабрь айына бүткөрүү пландалууда.
Мектепте окуу үчүн бардык шарттар түзүлөт.