7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон -Атада дүйнөлүк «Рух Санат» фестивалы башталды

251

Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык комплексинде дүйнөлүк «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалы башталды.

Алгач салтанаттуу иш-чаранын символикалык боосу кесилип, андан соң келген конокторго “Рух Ордо” маданий-этнографиялык комплекси, кыргыз элинин каада-салты жана маданияты тааныштырылды. Фестивалдын расмий ачылышы бүгүн кечинде өтөт.

Үч күнгө созулган фестивалга дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн 130дан ашуун салттуу музыкалык искусство ишмерлери, музыканттар, изилдөөчүлөр, эксперттер, продюсерлер катышат. Алар өз элдеринин кылымдарды карыткан, кайталангыс музыкалык жана маданий каада-салттарын, руханий мурастарын дүйнө коомчулугуна тартуулашат.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.

252