2025-жылдын 4-августунда Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында «Жаңылыктын жарчысы» аттуу Педагогикалык форум өз ишин баштады. Иш-чара КР Агартуу министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банк жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурулуп, ага мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жана методисттер катышууда.
14-августка чейин улануучу форумдун алкагында бардык аймактардан келген 800дөн ашуун адам алты агым менен окутулат.
Форумдун максаты – жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарты, предметтик стандарттар, жаңы окуу программалары жана окуу китептери, окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңы ыкмалары, мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу форматынын өзгөрүшү шартында 2025/2026-окуу жылына педагогдорду усулдук жана уюштуруучулук жактан даярдоо.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында ушундай эле форматта өткөн Педагогикалык форумдун алкагында өлкө боюнча 600дөн ашуун завуч жана методист окутуудан өткөн.
«Жаңылыктын жарчысы» форуму Кыргызстандын педагогдор коомчулугун чыңдоонун маанилүү кадамы катары мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана 12 жылдык билим берүү моделине ийгиликтүү өтүүгө өбөлгө түзөт.