Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын корук аймагын бошотуу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү бузуу иштеринин алкагында бир катар жогорку кызмат орундарында иштеп жүргөн адамдарга тиешелүү болгон курулуштар алынып жатат. Бул тууралуу Ош шаарыны мэриясы билдирди.
Алар:
- Эрдент тиш дарылоо клиникасы – Ош шаардык жана Жалал-Абад шаардык салык кызматынын мурдагы жетекчиси, өмүр бою салык кызматында иштеген Эрмек Чоюновго таандык.
- Байсан рестораны – Жогорку Кеңештин экс-төрагасы жана депутаты, учурунда Социалдык фонддун тѳрагасы, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Финансы министринин орун басары болуп турган Ахматбек Келдибековго караштуу.
- Автомектептин имараты – Жогорку Кеңештин буга чейинки бир нече чакырылышынын депутаты, ЖКнын экс-төрагасы Асылбек Жээнбековго тиешелүү. Белгилей кетсек ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы.
- Жетиген рестораны, эс алуучу жай – кезегинде Ош шаарынын вице-мэри, КРнын Акыйкатчысы, Америкадагы Кыргызстандын элчиси болуп иштеген Бактыбек Аманбаевге жана анын бир тууганы экс-депутат Урмат Аманбаевага таандык болгон.
Эскерте кетсек, Жеңишбек Токторбаев мэр болуп келгенден тарта Ак-Бууранын жээгин, каналдардын айланасын бошотуу тапшырмасын коюп келет. Учурда бул багыттагы иштер колго алынып, мыйзам алдында баары бирдей каралып жатат.