7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев БУУнун конференциясынын катышуучуларын тосуп алуу аземине катышты

281

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагында, деңизге чыга албаган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын ачылышына карата катышуучуларды тосуп алуу аземине катышты.

Минкаб башчысын Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердимухамедов тосуп алды.

Мындан соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышты.

Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагындагы, 2025-жылдын 5–8-августунда өтүп жаткан БУУнун деңизге чыга албаган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча Үчүнчү Конференциясына 100дөн ашуун делегация катышууда.

Маалымат үчүн: “Өнөктөштүк аркылуу прогресске жетүү” темасында өткөрүлүп жаткан БУУнун конференциясына:

— 32 деңизге чыга албаган, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жана өкмөт жетекчилери, делегация башчылары;

— 47 чакан аралдык мамлекеттердин делегация башчылары;

— 49 эң аз өнүккөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү;

— БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана анын орун басарлары;

— Эл аралык жана аймактык уюмдардын, каржы институттарынын, жарандык коомдун жана жеке сектордун өкүлдөрү катышууда.

282