7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери кан тапшырышты

509
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери кан тапшырууда.
Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Бүгүн агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев баштаган 30дан ашык кызматкерлер Улуттук кан борборунда кан тапшырууга келишти.
Белгилей кетсек, күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, бул багытта активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөгөн.
Ал ошондой эле мамлекеттик мекемелерде кан тапшырууда кызматкерлерге бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.
510