7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун мүчөлөрү идеологиясынан баш тартышты

380

2025-жылдын 1-августунда Арстанбап айылынын борбордук мечитинде жума намаздан кийин мурда соттолгон «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун жактоочулары өздөрү тандап алган диний агымдардын туура эместигин моюндап, деструктивдүү идеяларынан баш тартып, жарандарды «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» жана башка диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.

Белгилей кетсек, аталган жарандар мурда өздөрүн тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун мүчөлөрү катары тааныштырып, жергиликтүү тургундардын арасынан жаңы тарапташтарды тартууну көздөп, экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында Арстанбап айылында жума сайын жашыруун түрдө диний сабактарды (дарстарды) өткөрүп келишкен.

Ушул жылдын январь айында жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын натыйжасында аталган жарандар кармалып, аларга карата соттук айыптоо өкүмү чыгып, айып пул салынган.

381