7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде ишкерлер чамдаңыздар! Грант утуп алууга сынак жарыяланды

13

Баткенде ишкерликке грант утуп алуу үчүн «Мекеним «1+1» пилоттук программасынын алкагында сынак жарыяланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул Баткен облусунда жашап, Улуу Британиядагы Сезондук жумушчулар программасы аркылуу иштеп келген, же жакын үй-бүлө мүчөсү — жубайы, ата-энеси, же 18 жаштан жогорку балдары ошол программага катышкандар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.

Белгиленгендей, гранттын максималдуу суммасы 340 миң сомго чейин. Катышууну каалагандар 2025-жылдын 16-августу, саат 24:00гө чейин өтүнмө бере алат.

Өтүнмө берүү үчүн төмөнкү шилтемелерге кирип толтуруңуз:

Бизнести баштоо- https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSddXKL6R0jeR9P1SdOzj1MgpvpHOSIVlh8Cbp7DeC7aGbZF7g/viewform

Бизнести кеңейтүү- https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLScily3qulg3bBI3B6quQ42FvGMwIdhQeN_CUa7Ootpa54SyLQ/viewform

Эскертүү:

– талаптарды кылдаттык менен окуп чыгыңыз;

– 50 пайыз жеке салым кошуу милдеттүү;

– каржылык сабаттуулук жана ишкердик боюнча окуу талап кылынат;

– тандалган катышуучулар менен 5 жыл бою мониторинг жүргүзүлөт.

14