7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте саатына 100 полиэтилен түтүк өндүрүлүүдө

369

«Лейлек Пласт” муниципалдык менчиктеги полиэтилен түтүк чыгаруучу ишканасы саатына 100 кг продукция өндүрүүдө. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.

Ишкананын аянты 500 чарчы метр, Лейлек райондук өнүктүрүү фонду менен жергиликтүү бюджет эсебинен жана жеке ишкердин кошумча өз салымы аркылуу каржыланып, полиэтилен түтүк чыгаруучу станоктор сатып алынып, станоктор орнотулган имарат капиталдык ондоодон өткөрүлгөн.

Ишкана саатына 100 килограмм өндүрө алат. Диаметри 15 мм дан 160мм га чейин түтүктөр чыгарылат.

Бакыт Төрөбаев район жетекчилигине ишканада боло турган маселелерди чечүү жана көмөк көрсөтүү тууралуу тапшырмаларды берди.

370