7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы гимндин музыкасын тандоо боюнча сынак жарыяланды

591

Мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун тандоо боюнча комиссиянын төрагасы Марат Иманкулов композиторлор, обончулар жана музыка ишмерлери менен жолугушту.

Тандалып алынган гимндин жаңы текстинин 5 долбооруна музыкалык чыгарма жаратууга сынак жарыяланды.

Сынакка катышуу үчүн өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелиши керек:

— музыкалык чыгарманы музыкалык аспаптын коштоосунда же хор/оркестр менен вокалдык жана аспаптык аткаруудагы аудио же видеожазуу (USB-флеш-алып жүрүүчүдө);

— гимн долбоорунун ноталык жазуусу (партитурасы) кагаз жүзүндө;

— гимн долбоорунун тексти кагаз жүзүндө;

— ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.

Эске сала кетсек, долбоорлордун кагаз жүзүндөгү варианты 2025-жылдын 8-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: 720040, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78.

Ал эми электрондук варианттары төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: gimn.2025@minculture.gov.kg

592