7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аймактагы мугалимдерге ноутбуктар тапшырылды

418

Бүгүн  «Алтын Казык» ноутбуктары Агартуу министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө өткөрүп берилди.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага министр Догдуркүл Кендирбаева катышты.

Белгилей кетсек, бул ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлгөн. Сыноо учурунда аныкталган кемчиликтер толугу менен жоюлган. Ноутбуктардын өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программасы бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган.

Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган.
Жалпысынан 27 031 даана ноутбук аймактарга жеткирилүүдө. Алар салттуу түрдө жаңы окуу жылы башталганга чейин жер-жерлерде өткөрүлүүчү педагогикалык кеңешмелерде STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылат.

«Ноутбуктардын сапары байсалдуу болсун! Алар мугалимдерибиздин ишине жардам берип, балдардын билимине кызмат кылат деп ишенебиз» – деди министр.

 

419