2025-жылдын алты айында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан ички дүң продукциянын өсүү темпи боюнча биринчи орунга чыкты, деп кабарлайт UPL.uz сайты.
Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 11,7 пайызга өсүп, 711,17 млрд сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 3,6 пайыздык пунктка жогорулаган.
Экинчи орунда Тажикстан (8,1%), үчүнчүдө – Өзбекстан (7,2%) жайгашты. Андан кийинки орундарда Түркмөнстан (6,3%) жана Казакстан (6,2%) турат.
Аналитиктердин баамында, Борбор Азия мамлекеттеринин жалпы ички дүң продукциясы Аргентина же Швеция сыяктуу ири экономикалардан ашып түшөт