7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орок айылындагы өрт токтотулуп, көзөмөлгө алынды

397

Бишкектин четиндеги Орок айылында тоо боорунан чыккан ири өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Бообек Ажикеев өрттүн жайылып кетүүсүнө ыкчам чараларды көрүүнү тапшырып, абалды өз көзөмөлүнө алууда.

Алдын ала маалымат боюнча, жалындын тутануусуна жарандардын чылым чегүүдө этиятсыз мамилеси себеп болгон. Өрттү өчүрүү үчүн5 күжүрмөн эсеп, 8 куткаруучу жана штаб тартылган.

Жабыркаган аянт болжол менен 100 гектарды түзөт.

398