7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропортунда зер буюмдарды мыйзамсыз ташыгандар кармалды

13

«Манас» эл аралык аэропортунда зер буюмдарды мыйзамсыз ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас-2» эл аралык аэропортунун аэропорт комплексинде бажы көзөмөлүн ишке ашыруунун алкагында «Манас» бажысынын кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт койду.

Кетип жаткан аймакта бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда Кыргызстандын жаранынан декларацияланбаган сары металлдан жасалган салмагы 4,4 кг түзгөн 46 кол саат табылган.
Товарлар бардык жагдайлар такталганга чейин далил катары бажы көзөмөлүнүн кампасында убактылуу сактоочу жайга коюлган.

14