Министрлер Кабинети чет өлкөлүк номердеги автоунааларды убактылуу каттоо тартибин бекитти. Ага ылайык, мындай унаалар Кыргызстанда алты айга чейин каттала алат.
Эми унааны чек арадан эки-үч күнгө чыгарып келүү мөөнөттү жаңыртпайт. Жаңы мөөнөт унаа чет өлкөдө кеминде 30 күн болгондон кийин гана эсептеле баштайт.
Каттоо мөөнөтү аяктап, унаа өлкөдөн чыгарылбаса, тиешелүү маалымат ички иштер органдарына жана Чек ара кызматына автоматтык түрдө жөнөтүлөт.



