Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө “Ак-Сай” цемент жоопкерчилиги чектелген коому, аянты 10 га жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирип алып, цемент завод куруп иштетип жүргөн. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын маалыматына ылайык, 14.11.2002-жылдагы токтомдун негизинде Ак-Сай цемент жоопкерчилиги чектелген коомуна завод куруу үчүн Беш-Бурхан айылынын аймагынан 10 га жер тилкеси ажыратылып берилген.
Бирок, аталган токтомду чыгарууда КР Жер Кодексинин талаптары бузулган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш чараларынын натыйжасында “Ак-Сай” цемент жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси цемент заводун имараттары менен бирге 10 га жер тилкесин мамлекетин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.