7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Л.Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

364

Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен кийин Лев Толстой көчөсүнүн Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында жолчулар тарабынан эски асфальт алынып, жаңы бордюрлар орнотулуп, эки катмар асфальтбетон аралашмасы төшөлдү жана жол кыймылын уюштуруу схемасы жаңыртылды.

Жаңы эрежеге ылайык, Логвиненко менен Панфилов ортосундагы тилкеде тыгынды жоюу максатында көчө кеңейтилип, солго бурулууга тыюу салынды. Кирүү эми Кулатов жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүндөгү айланма жолдор аркылуу жүргүзүлөт.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Бишкек шаарынын мэриясы каттамыңызды алдын ала пландаштырууну, ошондой эле мүмкүн болушунча жеке автоунаанын ордуна коомдук транспортто жүрүүнү суранат.

365