7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоголок кенинде иштеген жумушчулар үчүн тез жардам унаасы алынды

15

«Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коому Тоголок кен жайы жана Жангарт аянтында иштеген геологдор үчүн тез жардам унаасын сатып алды.

Ишкананын медициналык кызматы 2024-жылдын июнунда түзүлгөн. Бир ай өткөн соң Тоголокто медициналык пункт уюштурулуп, реаниматолог-анестезиолог эки медкызматкерди вахталуу ыкма менен иштөөгө алынган. Тоголоктун медициналык кызматынын алгачкы вахтасы 2024-жылдын 9-августунда башталган.

Компаниянын кызматкерлери жана Ак-Шыйырак кыштагынын стационардык дарыланууну талап кылган тургундары үчүн тез арада жеткирүү максатында жакында медициналык транспорт каражаты – тоолорго ынгайлуу болгон жол тандабас сатып алынды.

Бул унаа тез жардам унаасына ылайыкташтырылып, анын ичинде негизги медициналык жабдуулар орнотулган: кычкылтек системасы, кабыл алуу жабдуусу, каталка, сфигмоманометр.

Эскерте кетсек, Бишкектен Тоголок кенине аралык 560 чакырымды түзөт. «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2023-жылдын 8-августунда Тоголок алтын кенин ииштетүүгө жана Жангарт аянтын чалгындоого лицензиясын алган.

 

16