7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан — Россия экономикалык форуму өттү

320

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында VII кыргыз-россия экономикалык форумунун ачылышы өттү. Ачылыш аземи президенттер Садыр Жапаров жана Владимир Путиндин куттуктоо сөздөрүн окуу менен башталды.
«VII кыргыз-орус экономикалык форуму – бул экономиканы өнүктүрүү, өнөктөштүктү бекемдөө жана өсүү чекиттерин издөө маселелери боюнча конструктивдүү диалог үчүн натыйжалуу аянтча», — деп баса белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев.

Данияр Амангелдиев мамлекеттин санариптик трансформация процесстерин, анын ичинде «Санарип Кыргызстан» жана «Startup Кыргызстан» улуттук программаларын ишке ашыруу аркылуу приоритеттүү колдоосун баса белгиледи.
Амангелдиев «Е-Кызмат» долбоору жөнүндө да маалымат берди. Ошону менен катар жыл бою иштей турган тоо курортторун түзүү боюнча масштабдуу долбоорлорду да айтып өттү.

«Форумдун Ысык-Көлдүн кооз жээгинде өткөрүлүшү өлкөбүздүн туристтик потенциалын толук көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана бул келечектүү тармакка жаңы инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Данияр Амангелдиев.

 

321