7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал чокуну кычкылтексиз багындырды

312

Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал деген К2 чокусун кычкылтек жабдуусун колдонбой багынтты. Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти экспедиция 2 айга созулганын кошумчалады.

“Достор, кечээ, 13-августта, таңкы саат 5те 8611 метр бийиктиктеги К2 чокусунан түштүм. Тилекке каршы, түшүп келе жатканда көпчүлүк жаракат алып, бир альпинист кыз каза болуп калды. Жеңишимди биздин эгемендигибизге арнадым. Улук элдин уулу болгонума сыймыктанам! Аманмын, бирок бир аз сыркоолоп турам, үйгө кайтып жатам. Баарыңарды жакшы көрөм”, — деген ал өзүнүн соцтармактагы баракчасында.

К2 (Чогори тоосу) — Эвересттен кийинки эң бийик делген, бирок Эвересттен дагы татаал чоку. Каза болгондордун саны аябай көп болгондуктан аны “өлүм тоосу” деп да аташат.

 

313