Пакистанда селден каза болгондордун саны 330га жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Катуу жааган жамгырдан улам келип чыккан сел жана жер көчкүлөрдөн каза болгондордун саны 321ге жетти. Учурда Хайбер-Пахтунхва провинциясында дагы 32 адам дайынсыз жоголууда.
Каза болгондордун көбү Хайбер-Пахтунхва провинциясында катталган, анда провинциялык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы 307 адамдын каза болгонун билдирди.
Гилгит-Балтистан провинциясында беш адам, ал эми Кашмирде тогуз адам каза болгону кабарланды.
Бир нече аймактарда байланыш мунаралары үзгүлтүккө учураган.