7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба министрлигиндеги коррупция. Өзбекстанга 40 миңден ашык бодо мал экспорттолгон

111

Айыл чарба министринин орун басары жана ветеринардык кызматтын директору айыл чарба малдарын экспорттоого квота бөлүштүрүүдө коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн кармалышты. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы июлда малды экспорттоого квота киргизилген. Бул квоталарды министрдин орун басары, Ветеринардык кызматтын директору, эки мекеменин бөлүм башчылары кызматынан пайдаланып мал чарбачылыгы менен алектенбеген «өз кишилерине» мыйзамсыз бергени аныкталган.

Алардын малы бар деген актыны министрликтин кишилеринин көрсөтмөсү менен райондук ветеринардык башкармалыктардын кызматкерлери жасашкан.

«Ортомчу ишкерлер мыйзамсыз алынган квотаны дыйкандарга жана мал экспорттогон жеке жактарга 1 баш бодо мал үчүн 300 доллардан, майда жандык үчүн 5 миң сомдон сатышкан. Мындай схема менен 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып, эттин кымбатташына себеп болгон», — деп жазылат маалыматта.

Козголгон кылмыш иши боюнча министрликтин кызматкерлери, ортомчу ишкерлер кармалды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

112