7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Саида Мирзиёеваны кабыл алды

271

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Өзбекстандын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоону талкуулашты.

Мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында кыргыз-өзбек алакалары мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп, чыңдалып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Саида Мирзиёева кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровго Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун айтты.

Өзбекстан Президентинин Администрациясынын Жетекчиси өз ара сый-урматка жана коңшулаштыкка негизделген мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилеп, бул процесстеги эки өлкөнүн лидерлеринин маанилүү ролун белгиледи.

Саида Мирзиёева жаштар саясатын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, буга чейин эле командалык духтун жана эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда достук мамилелерди орнотуунун символу болуп калган Бишкекте өткөрүлгөн «Заковат» интеллектуалдык оюну жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Өзбекстандын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёевага жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.

 

272