«Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер» форумунун алдында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёевага кыргызстандык ишкер айымдардын көргөзмөсүн тааныштырды.
«Көргөзмөнүн максаты — улуттук өнөрчүлүктүн белгилүү бренддери жана чеберлери өзүлөрүнүн мыкты эмгектерин элге тартуулап, салттардын жана заманбап тенденциялардын гармониясын көрсөтө турган абройлуу аянтча түзүү», – деп баса белгиледи министр.
Көргөзмөдө 13 компания өзүнүн өзгөчө эмгектерин сунуштап, кыргыз салтынын байлыгын жана кол өнөрчүлүктөгү заманбап ыкмаларды айкалыштырып көрсөттү. Анда «Супара-Шоро» конокторду боз үйлөрү бар кыргыз айылынын атмосферасына алып барса, «Шоро» компаниясынын бренди арпа талканынан, балдан жана жаңгактан жасалган таттууларды сунуштады.
Форум Кыргызстандын жана Өзбекстандын аял-лидерлерин кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн бириктирип, аялдардын лидерлигинин экономика, санариптик технологиялар, экология, билим берүү жана мамлекеттик башкаруу тармактарындагы маанилүү аспектилерин талкуулады.