Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкекте жеке ишкер этти өкмөт бекиткен баадан кымбат сатканы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Бааларды түзүүнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу” беренеси менен 13 миң сом административдик айып салды.
Аталган кызмат 13-августта Бишкек, Ош шаарларында жана облус, райондордо эттин баасын бекиткен.
Бишкекте 1 кг уйдун эти 680 сомдон, койдун эти 670 сомдон кымбат болбошу керек. Ош шаарында уй жана койдун эти 680 сомдон ашпашы зарыл. Калган аймактарда эт 620-690 сомго чейин деп белгиленди.
Өлкөдө баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген.
21-авшустта Министрлер кабинети бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салган.