7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө кичи футбол аянтынын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

406

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр кичи футбол аянтынын курлушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди.

Футбол аянтынын курулушуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебинен 3 млн 181 миң сом бөлүнгөн.

Текшерүү учурунда долбоорго мамлекеттик экспертиза жүргүзүлбөгөндүгү, курулушка уруксат берилбегендиги, объект реестрде жок экендиги жана мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинен өтпөгөндүгү аныкталган.

Ошондой эле долбоордук чечимдердин бузулгандыгы, атап айтканда, материалдар алмаштырылып, фундаменттин тереңдиги азайтылгандыгы жана конструкцияда кемчиликтер аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү жактарга юридикалык баа берүү үчүн керектүу материалдары укук коргоо органдарына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

 

407