Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинки жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында (U-20) 72 кг салмак категориясында күрөшкөн кыргызстандык балбан кыз Кайыркүл Шаршебаева коло байгеге ээ болду.
22-август күнү Шаршебаева коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттеште болгариялык атаандашын 12:2 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңген.
Үчүнчү орун үчүн акыркы таймашта атаандашы АКШнын спортчусу Жасмин Робинсондун жаракат алганына байланыштуу кыргызстандык балбанга жеңиш ыйгарылып, 3-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, Кайыркүл кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге алган алтынчы кыргызстандык спортчу болду.