Бүгүн, 25-августта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.
Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппараты, кайгуул күзөт кызматы, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, милиция бөлүмдөрүнүн, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарындагы 7704 аскер бөлүгүнүн, ИИМдин күзөт кызматынын Жалал-Абад бөлүмүнүн өздүк курамы жана техникалары салтанаттуу жүрүштөн өтүштү.
Майрам күндөрү 30-августтан 1-сентябрга чейин облус аймагында эки миӊден ашуун милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылын көзөмөлдөйт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram