7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматынын төрагасы Оштогу жаңы базарда рейд өткөрдү

285

Бүгүн Ош шаарында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов акциздик маркаларды көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чара өткөрдү.

Рейдге Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышты. Шыкмаматов Ош шаарынын жаңы базарындагы соода түйүндөрүн кыдырып, сатуучу жайларды көрүп чыкты.

Салык кызматынын төрагасы акциздик продукциялар салыктык түшүүлөрдү камсыздап, калктын ден соолугун сапатсыз продукциялардан коргой турганын баса белгиледи.

Жыйынтыгында базарда акциздик маркаларга байланыштуу салык мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Айрым кант кошулган суусундуктарда акциздик маркалар жок болуп чыкты. Төрага мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Рейддик кыдыруунун жүрүшүндө шаар ичиндеги соода түйүнүндөрүнүн биринде дүң сатылган суусундуктардын акциздик маркалары белгиленген талаптарга туура келбеген учурлар катталды. Мыйзам бузуулардын натыйжасында продукция жүгүртүүдөн алынды.

286