7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга “Асман Эйрлайнс” компаниясынын үчүнчү учагы келет

285

Кыргызстанга аймактар аралык каттамдарды аткаруучу “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик компаниясынын үчүнчү учагы келет. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан кабарлады.

Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү 80 орундуу учак ички каттамдар үчүн алынууда. Буга чейин дал ушундай үлгүдөгү эки учак пайдаланууга берилген.

“Кыргызстан аэропорттору” ААКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Алена Хоменконун айтымында, үчүнчү учактын келиши менен каттамдардын саны көбөйүп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулук жаратылат.

“Техникалык жана башка себептерден улам эки учактын каттамдары айрым учурларда жылдырылып келсе, кошумча учактын келиши менен мындай көйгөйлөр азаят жана каттамдардын саны да арбыйт”,- деди ал.

286