7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кийик аткандар 640 миң сом айыпка жыгылды

418

Нарында мыйзамсыз кийик аткандарга 640 миң сом айып салынды. Бул тууралуу жаратылышты коргоо багытында иш алып барган NABU Кыргызстан уюмунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 28-августта  Нарындагы Сөөк жайлоосунда жарандар мыйзамсыз аң уулоого чыгып, 2 тоо эчкисин атышкан.

Ат-Башы районунда эки кийик атылганы аныкталды. Аңчылардын бири этти жашыруу үчүн чатырдан чыгарып, дарыя жээгине ыргытып жиберген. Экинчи тургун этти короосуна сүрсүтүп илип койгон.

Жеринде акт түзүлүп, аңчылардын ар бирине 320 миң сомдон айып салынды. Ал эми эт райондук милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Аталган факт боюнча тоо эчкисин аткан жарандарга 20 миң сомдон административдик айып салынып, 300 миң сомдон доо, жалпы 640 миң сомдук айып салынган.

419