7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандык ишкер «Ала-Тоо Резорт» курорту тууралуу маалымат менен бөлүштү

9

Казакстандын Алматы шаарындагы «Шымбулак» тоо лыжа курортунун директору Ринат Абрахманов өзүнүн социалдык тармагында Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан жаңы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластери жөнүндө айтып берди.

Видеодо ал курорт жана анын келечеги тууралуу кенен сөз кылат. Анда кээ бир кадрлар жасалма интеллект жасалганын байкоого болот.

Белгилей кетсек, «Ала-Тоо Резорт» долбоору — Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа кластерин түзүү боюнча Кыргызстандын дымактуу демилгеси. Долбоор үч негизги курортту камтыйт:

  • «Жыргалаң» (1 624,66 га);
  • «Ак-Булак» (945,92 га);
  • «Боз-Учук» (1 345,0 га).

Мындан тышкары, 4 000 унаа токтотуучу жайларды, курорттордун ортосунда жаңы жолдорду жана туристтер үчүн ыңгайлуу заманбап инфраструктураны түзүү пландалууда. Долбоор ишке ашкандан кийин 5 миңге жакын жумуш орундары түзүлүп, курорттор жылына 850 миң туристти кабыл ала алат деп күтүлүүдө.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

10