7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Данияр Амангелдиев «Яндекс» таксинин баасын түшүрүү тууралуу сүйлөшүү болорун билдирди

445

Министрлер кабинетинин төрагасынынбиринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Биринчи радионун» эфиринде Кыргызстанда таксинин тарифтери мамлекеттин көзөмөлүндө болорун билдирди.

Анын айтымында, учурда такси рыногунда «Яндекс» компаниясы үстөмдүк кылууда. Буга байланыштуу бийлик компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын ишин жөнгө салуу чараларын даярдап жатат.

«Жылдын аягына чейин бардык такси кызматтары лицензиялык системага өтөт. Мындан тышкары, мамлекет тарифтерге байланыштуу маселелерди жөнгө салат жана компаниялар белгиленген эрежелерди аткарууга милдеттүү», — деди Амангелдиев.

Ал бул багыттагы иштер уланып жатканын жана мамлекет такси рыногунда баалардын туруктуулугун камсыздоого ниеттенип жатканын кошумчалады.

446